Жылдыз Жолдошова: «Элдин добушун урдоо, шылдыңдоо жакшылыкка алып келбейт»

— Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын ишмердүүлүгү бүтүп баратат, негизи бул чакырылыш үч президент менен иштешти, эң узак отурган Жогорку Кеңеш болду, бирок парламент катары милдетин аткара алдыбы?

— VI чакырылыштын депутаттары кайсы бир маселеде өздөрүнүн милдетин аткара алды, ошол эле учурда аткара алган жок (!) десек да болот. Айрым орчундуу маселелерде, тилекке каршы, бийлик бутагы катары өздөрүнүн эркин көрсөтпөдү. Мисалы, былтыркы октябрдагы окуяларда, Садыр Жапаров түрмөдөн чыккандан кийинки учурда, эгер Сооронбай Жээнбеков өзү кызматты өткөрүп бербегенде, парламент мыйзам талаасына келе алмак эмес. Ошондой кырдаал түзүлгөндө Жогорку Кеңеш баардык жоопкерчиликти мойнуна алып, абалды жөндөп кетиши керек эле. Себеби, ошол учурда бир эле парламент легитимдүү орган болуп турган. Алар кайрадан ошол замат шайлоого барышы керек болчу. Маселен, БШК 40 күндүн ичинде шайлоону бекитип, депутаттар ошону өткөрүүгө дээрлик күч аракетин жумшап, мыйзамсыз отургандарын айтып чыкса туура болмок. Алар ага бара албагандыктан, бүт жасаган иштери мыйзамсыз болуп калды. Тактап айтканда, VI чакырылыштын эң негизги кемчилиги – 2020-жылы 4-октябрдагы окуядан кийин мыйзамсыздыкка жол бергенинде. Түшүнгөн адамга бул аябагандай чоң кемчилик, уят. Анткени парламент – биринчиден, мыйзам чыгаруучу орган, ал эми өздөрү мыйзамсыздыкты жараткандары – бул нонсенс.

— Укук коргоочулар, юристтер, айрым саясатчылар «чынында парламенттин мөөнөтүнөн узак иштегени мыйзамсыз» дешкени менен Конституцияда ушундай кырдаалда «кийинки чакырылыш шайланып келгенче парламент иштеп турушу керек» деп жазылганы да айтылып жатат…

— Жок, алардын баардык жасаган иштери мыйзамсыз болуп калды. Депутаттар БШКдан шайлоону 40 күндүн ичинде өткөрүүнү талап кылышы керек болчу. Мисалы, шайлоо болбой калса, 40 күн ичинде кайра шайлоо өткөрүш керек. БШК баарын бузуп жатса, ал эми депутаттар ырааттуулукту, мыйзамды көзөмөлгө ала алышкан жок. Аныгында Жогорку Кеңеш мыйзамдын так аткарылышын талап кылып, көзөмөлдөйт. Бирок ишенимди актай алышкан жок. Муну 6-чакырылыштын эң чоң, оркойгон кемчилиги катары көрсөк туура. Натыйжада мамлекет башаламан талаага кирип кетти. Жаңы Конституциянын негизинде президенттик кызматка кайрадан шайлоо өтүшү керек болчу. Муну дагы жөнгө сала алышпады. Алар миссиясын аткарган жок.

— 7-чакырылыш өткөн окялардан, мөөнөтү аяктаган парламенттен кандай сабак алышы керек? 

— Бу саам деле таза тандоо өткөн жок да. БШК шайлоого катышкан партияларга, элге одоно текеберчилик менен «колуңдан эмне келет?» деген мамиле жасады. 40 мүнөттөй серверди өчүрүп, каалагандай жасап алышты.  Президент «каалаган партиялар, добуштарыңарды карап чыккыла» деп айткандан кийин биз, «Азаттык» партиясы республика боюнча УИКтердеги бюллетендерди, АСУдан чыккан чектерди, протоколдорду кайрадан карап чыгуу үчүн кат жазсак, БШК макулдук бербеди. Мисалы, шайлоо таза өтпөгөнүн бүтүндөй эл көрдү, ушундан кийин азыркы 7-чакырылыш Жогорку Кеңешке келбей жатып, өзү мыйзамды одоно бузуп келген парламент болуп калды. 2007-жылы Курманбек Бакиев президент болуп турганда дагы ушундай көрүнүштөр орун алган. Мен «туура эмес кылып жатасыңар, бул дагы бир төңкөрүшкө жол ачат» десем, укпай коюшкан. Ошондо дагы «Акжолду» өткөрүштү, КСДПны киргизди, оппозиция сыртта калган, бирок 2010-жылы кайрадан төңкөрүш болуп кетти. Ошон үчүн быйылкы 28-ноябрда өткөн шайлоо, окуя кайсы бир учурда өзүнүн залакасын тийгизет. Алдыда келаткан партиялардын добуштарын өздөрүнө жетишерлик бөлүп алышты. Ачыгын айтыш керек, «Бүтүн Кыргызстан» биринчи келаткан, анан аларга 4-5-орун берген болушту. Ошондой эле «Азаттык», «Ата Мекен», «Улуттар Биримдиги» партиялары да босогодон өткөн. Негизи, элдин добушун урдоо, шылдыңдоо жакшылыкка алып келбейт. Ошондуктан VII чакырылыштагы парламенттин тагдыры бүдөмүк болуп калды.

Анархан Алтымышова 

«Азия Ньюс» гезити

Add your comment

Your email address will not be published.