Тик токтон күйөөм ар кайсы кызды карап, сен толуп кеттиң дейт. 7 айлык боюмда бар, кантип арыктайм?..

Салам урматтуу айымдар аты жөнүм сыр болсун менин 7 айлык боюмда бар 4-балам. Семирип кеттим жолдошум камкоор ата үйүм жайым дейт. Жакындан бери тик ток деген балээден көрүнгөн кызды көрүп мени семирип кеттиң ал жериң андай бул жериң мындай деп баштады. Өзүм грипп болуп араң турсам ошол тик токтогу кыздын инстаграмын таап ага жазыптыр сизди көрүп акылымды жоготтум деп. Ооба мойнума алам мен өзүмдү таштап салдым семирип эле баратам 70 кг ашып кеттим. Урматтуу айымдар өзүмдү кантип колго алсам болот тамакты көп жеп калдым анан да бат ачуулу болуп калдым. Жолдошума күлүп мамиле жасай албай атам көрсөм эле ачуум келет😔. Кеңеш бериңиздерчи?

Add your comment

Your email address will not be published.