Өспүрүм кызды сойкулукка иштетип келген аял ачыкталды

Бишкек шаарынды  14 жаштагы кызды сойкулукка мажбурлап акча таап келген аял тууралуу жактоочу Шердор Абдыкапаров билдирди.

Анын айтымында, 21 жаштагы  тургун жактоочуга кайрылып, 2014-2015-жылдары бир аял аны сойкулукка иштетип, ошондой эле жаш жигитти зордуктады деген айып менен каралоо уюштурганын ачыктаган. Ал караланган жигит менен мамилеси болбогонун жана аны уюштурган аял аны сойкулук кылууга мажбурлап келгенин айтып берген. 

«Анда мен 14 жашта элем, Бишкекке бир нече күнгө келип, бир  аялдын колуна түшүп калдым, ал мени алдап өз торуна тушүрдү. Мага жакшы жумуш таап берем деп убада берген эле. Кызыгы мен анын колуна түшкөндөн баштап жигиттердин тизмесин бере баштады. Мен ал жигитер менен жолугушуп жакын мамиледе болом, андан кийин мени зордуктады деп арызданып алардан акча талап кылам. Ошентип мен арызчыл сойкунун ролун аткарып келдим. Мен ага канча акча алып келишим керектигин күнүгө айтчу. Биз башка кыз менен жашадык, кулчулукта жүрдүк, акча алган жокпуз», — деди жабырлануучу жактоочу Шердор Абдыкапаровго.

Белгиленгендей, аялдын аты Гүлзар Шайназарова, бүгүн милиция аны алдамчылыкка шектелүүдө.

Add your comment

Your email address will not be published.