Кыргызстанда биринчи жолу оронгон депутат айымга мандат берилет

КР Парламентине биринчи жолу оронгон депутат айым келди. Динара Ашимова “Ыйман нуру” партиясынан депутаттыкка талапкер болгон. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Динара Ашимова 1973-жылы 3-февралда Ош облусунун Кызыл-Коргон айылында туулган. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын мамлекеттик башкаруу факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолу 1996- жылы башталган. Бир катар мамлекеттик кызматтарда иштеп келген.

 

Add your comment

Your email address will not be published.