Күйөөмдүн менден башка бирөөсү бар окшойт

Күйөөм таксиде иштейт. Мен эки бала менен үйдө отурам. Такси жакшы болот деп түнү ишке чыгып эртеси саат он бирде келип уктайт. Таксиде колдонгон телефону келер менен зарядда турат. Чарчап келди деп ал келгенде балдарды тынч отуруусун айтып кээде сыртка чыгып кетем. Бир жума мурун унаасындагы памперсти алам деп барып унаада зарядда турган башка телефонду таап алдым. Блокко коюлгандыктан ичин ачып карай албай койдум. Экранында бейтааныш кыздын сүрөтү турат. Күйөөмдөн сурасам клиенттиги түшуп калыптыр чалса берем деп салып койгом деп койду. Ошентсе деле ал менден башка жаш кыз менен жашайт окшойт деп ичимден шекшинип койдум. Болбосо ден соолугу чын эркек  жок дегенде бир кун кечинде жаныма жатат эле да.

Add your comment

Your email address will not be published.