Күйөөм эскордница жакшы жумуш дейт…

Айыл жергесинде турам, күйөөм болсо шаарда иштейт. Эки айда бир келип тамак-ашыбызды камдап берип кайра кетет. Мындан эки жума мурун келип эми жаңы жылда келем деп кетти. Чай ичкен жерге телефонун таштап коюптур. Идиш жууп жатсам телефону шыңгырап калды, карасам эскордница деп сакталган номер экен. Жумушунан го деп күйөөмө алып барып бердим. Ал мени аябай карап туруп, анан телефонун алып эшикке чыгып кетти. Кийин «эскордницан ким?»- десем ал:»жакшы жумуш азыр шаарда ушул жумуштар мода»- деп койду. Кайнежеме айтсам «ал эмне деген балээ экен»-деди. Ошондон бери кандай жумуш экен деп кызыгып калдым, бирок сурайын десем айылда эч ким тушүнө бербейт экен. Уят болуп калбайын деп сиздерден сурап жатам.

Add your comment

Your email address will not be published.