Богооз жана бузуку Акбөкөн Таштанбековду колдоо акылга сыйбайбы?

Аймак, улут аралык кастыкты козутууга шектелип, УКМК тарабынан камакка алынган Акбөкөн Таштанбековдун жакындары журналист, блогерлерди жалдап, курулай актанууга өткөнү кайсы логикага сыят?

Соцтармактарда мактап-жактоо сөздөр жабырай баштаганын кантесиң? Көз будамайлоонун чеги болбойбу? Таштанбековдун интернет айдыңына тараган видеосунда ачык эле сөгүнүү, улут аралык кемсинтүү, облустарга бөлүп-жаруу далилденип жатса, кантип чара көрбөйсүң?

А болушкандар сабатсыздар да. Качан мыйзам алкагында жашайбыз? Таң каласын! Албетте, адилеттүү негизде богооз Акбөкөн жоопко тартылышы керек. Мыйзам баарына бирдей каралышы кажет. Жөн эле аксынуу менен бузукуну колдоо акылга сыйбайт эмеспи.

Булак: Азия News гезити

Add your comment

Your email address will not be published.