Таласта экстремисттик материалдарды таркатууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө соцтармакка катталган адам аккаунтун “эл алдында үгүт жүргүзүү жана экстремисттик идеяларды жайылтуу” үчүн колдонгону белгилүү болгон. Текшерүүнүн жүрүшүндө “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун ишмердүүлүгүнө байланыштуу материалдар аныкталган.
Кармалган адам 1971-жылы туулган Ысык-Көл облусунун жараны болгон. Ал буга чейин да эки айга камалып чыккан.