Семетей Талас уулу: «Айбек Жунушалиевдин отставкасын талап кылабыз»

Бул тууралуу журналист Семетей Талас уулу өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«20-21-декабрь күндөрү мэриянын астында, мектеп окуучуларына жол кирени 10 сом кылуусун талап кылып митинг өткөрөбүз. Жол кирени 10 сом кылбаса мэр Айбек Жунушалиевдин отставкасын талап кылабыз!», — деп жазган ал.

Белгилей кетсек, борбор калаада жол кире акысынын кымбаттаганына коомчулук нааразычылыгын ушул убакка чейин айтып келүүдө. Өлкөдө азык-түлүк баасы жана көмүрдүн наркы жогорулап, буга кошо жол кире кымбаттаганына нааразы болгон элдин үнү бийликке жетпей келет.

Ошондой эле, карапайым калк кол кире 15 болгону менен баягы эле тыгын, мектеп окуучулары кечинде кыйналып жатканын айтышууда.

Эске салсак, ушул жылдын июнь айында Бишкектин маршрутка айдоочулары жол кире акысын көтөрүүнү талап кылып иш таштаган. Жыйынтыгында Бишкек шаарында жол кире акысы 1-ноябрдан тарта 15 сомго чыккан.

Add your comment

Your email address will not be published.