Пт. Янв 21st, 2022

Жалгыз боймун. Колумда жети жашар уулум бар. Учурда ата-энем менен бирге жашайм. Жолдошум уулум бирге чыкканда автокырсыктан улам каза болуп калган. Жолдошумду берилип кабыл алыптырмын, жан дүйнөм эч кимди кабыл албай келди. Далай жолу жеңелерим турмушка чык деп тааныштыргандарын четке кактым. Бир жылдан бери социалдык тармактан бир адам менен таанышып калып, жакшы сүйлөшөбүз. Сүйлөгөн сөздөрү орундуу, тамашөкөй шайыр адам. Ал менин жашоомду билет. Дайыма уулумду сурап турат. Башында алыс жактамын деп айтчу, жакында эле абакта беш жылдан бери жатканын айтып калды. Көрсө кафеден бирөөлөр менен уруша кетип ир адамды сабап коюптур. Ал токмок жеген адам чоңдун баласы болгондуктан сегиз жылга кесилип кетиптир. Кээде мени келип кет деп өзү жаткан түрмөнүн дарегин айтат. Бирок мен баргандан коркуп жатам. Өмүрү түрмөгө жакын барып көргөн эмесмин. Күнөөсү жокпу барбы абакка түшкөндөн кийин баарынын психологиясы бузулуп адам болушу кыйын дешет. Жолугушуудан коркум жатам.

от jurik

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *