Күйөөм кыздар менен ойноп жүрөт кантип жазаласам болот?

Күйөөм экөөбүз беш жылдан бери бирге жашайбыз. Күйөөм тамашөкөй, колу ачык камкор жакшы адам. Ортобузда бир да жолу уруш талаш болгон эмес. Эки бала менен удө отурам. Жакында эле күйөөмдүн башка менен ойноп коюп жүргөнүн байкап калдым. Эми сен бирөө менен бир нерсе кылдын деп урушуп үйгө тополоң салганда ажырашып кетпегенден кийин мага пайдасы жокго. Бирок тымызын жазалап койгум келип жатат. Келиндер сиздер билмексен болуп акырын жазалап койгон учурларыңар болобу? Болсо тажрыйбаңардан бөлүшүп коюңуздарчы сураныч. Мага заар сөз жазып же мага кел деген жигиттер силер мага андай чакырыкты таштабай эле койгула ээ.

Add your comment

Your email address will not be published.