Пт. Янв 21st, 2022

Турмушка чыкканыма үч жылдын жүзү болду. Күйөөм менен бир эле көрүшүп турмушка чыгып кеткем. Ата-энемдин тандоосу болгон. Эми тагдыр экен ага деле нааразы эмесмин. Күйөөм табышкер, иштерман адам. Жаман жери өзунүн тапканына меникин кошун эсептеп ашыкча байпак алсам да чегин сурай берет. Эки жаштагы кызым бала бакчага барат. Жаңы жылга баардык эле бала бакчалар даярданып жатат да. Мен бала бакчанын чогулткан акчасын күйөөмо айтпай берип койгон элем, эми «айлыгындан 1000 сом жок, кайда короттуң»-деп кулагымдын кужурун жеп жатат. «Кызымдын бала бакчасына бердим » десем, «эмнеге анча көп бересиң»- деп тушүнбөй койду. Бир көйнөктү үч жыл кийип, тамак — ашты ченеп алып битирегеним бир тең, өзүм тапкан айлыгымды эсептеп кызымдан аяп чыр чыгарганы бир тең болуп жатат. Апам бизди күйөө менен талашпа деп тарбиялаптыр, канчалык жиним келип үбөлүк менен башын жара койгум келсе да сабыр кылып баарын ичиме катып отурам.  Байлык менен дүйнөгө түркүк болгон эч ким жок го…Мындай битир күйөөнү кантип оңдосо болот?

от jurik

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *