Эмнеге аялым эмес, мен кычырап кийинип жүрөрүмдү айтып берсем таңкалышат

Экөөбүз ээрчишип баратсак элдер бизди
башкача карайт. Албетте, мени жек көрүү,
аны жалооруган көздөр менен. Көнүп деле
бүттүк. Эми келинчегим маани бербейт, мен
башында жаман болуп жүрдүм, бирок
чындыкты кабыл алгандан кийин мен дагы
маани бербей калдым.
«Аялыңа бир көйнөк алып берип койсоң
боло, жаныңда бомж болуп жүрөт.»
Айласыздан күлөм. Эх, алар чындыкты
билбейт да. Биринчиден, айтып коеюн бомж
250 долларлык куртка кийбейт (балким
киет).
Мен баарыңарга бир нерсе айткым келди.
Адамдар ар түрдүү болот. Эч ким бири-
бирине окшош эмес. Жадакалса, эгиздер
дагы ар түрдүү. Демек, дүйнөдө канча адам
болсо, ошончо табит бар. Менин аялым
кычырап кийингенди жактырбагандардын

катарына кирет.
Ооба, мага дүкөн кыдырып, акыркы
модадагы кийимдерди сатып алып,
жумушка жасанып барып, кесиптештерден
мактоо сөз уккан жагат. Башынан эле
ушундаймын. Шкафтарым толтура кийим.
Келинчегим болсо, таптакыр башкача. Ага
ыңгайлуу, сапатуу, анан көпкө кие турган
кийим болсо болду. Кийим дүкөнгө
кийимдери жыртылса гана барат. Ал үчүн
биринчи орунда кийимдери таза болсо
болду. Ал ыңгайлуулукту жактырат. Бир
тондогу кийимдерди сатып алат.
Мен бул сапатын башында эле билгем.
Жолугушууга чакырсам бир кофтасы менен
эле келе берчү. Анан бир жолу кызыгып
сурагам. Ошондо ал, «кийимдерим таза
болсо болду, мага жакпайт дүкөн кыдырган»

деген. Белекке дагы кийим алганды
жактырбайт. Мен келинчегимди кийген
кийими үчүн эмес, өзүн сүйөм.
Ооба, сыртыбыздан караганда экөөбүз сөзгө
калабыз. Келинчегим таптакыр
башкалардын сөзүнө көңүл бурбайт. «Айта
берсин» деп туруп, өзүнүн сүйүктүү сары
жемпирин кийип жүрө берет. Сүйөм.
Мен эмнени айткым келди. Келгиле,
чындыкты билбей туруп эле, сыртан бир
көрүп алып тон быча бербейли. Эч качан
адамдарды жакындан билбей туруп сөз
кылбайлы. Анан, шаардан экөөбүздү көрүп
калсаңар, маани бербей эле өтуп кеткиле.
Биз ушундай, башкача түгөйбүз.

Add your comment

Your email address will not be published.