Эдил Байсаловду каралоонун жандырмагы табылды

Бийликтеги билимдүү, уюштургуч, саясый анализди таамай жасаган вице-премьер-министр Эдил Байсаловдун айткан сөздөрүнөн, ишмердигинен кылдан кыйкым издегендер козуп чыгышып, каралап келатышкан.

Биз бул жагынан саресеп салып, баамдоо жүргүзгүчө, аз күн мурда кызык жагдайга туш болдук. Тар чөйрөдө белгилүү эле саясатчылар сүйлөшүп, “Эдил Байсалов бийликтин туруктуулугуна, күчтөнүүсүнө чоң салымын кошот, мындайга жол бербейли!

Эмесе, аны элге жаман көрсөтүү керек. Бул аракетти бейөкмөтчүлөр, журналисттер, блогерлер улантышы үчүн шыктандыралы. Каралоо кампаниясы катуу жүрсө, Садыр Жапаров да бир чечимге келет…” деген план-барбароссту ачыктап коёлу. Көрсө, бекеринен дараметтүү адамдын артынан сөз ээрчибейт тура.

Аткаруу кызматында идея, демилгелери бышкан, идиректүү Байсаловго карата жасалган атаканын сыры ушундай экен. Соцтармактарда баштоочулар шыбамай акциясын урдурушкандан бери түшүнүп-түшүнбөгөндөрү деле ээрчий беришет эмеспи.

Түсү ийгини, жаратманды көралбагандар… Ай ата, кыргыздар качан ичтарлыктан көтөрүлөбүз, деги оңоло турган күнүбүз келеби?

Булак: Азия News гезити

Add your comment

Your email address will not be published.