Вт. Янв 25th, 2022

Үй-бүлөсүн сактап калуу үчүн көңүлдөшүн жаңы жигитине кошуп аттырып салган. Бул тууралуу Daily Mail кабарлады .

Маалыматта, окуя ушул жылдын 10-декабрында болгон. Техастагы автомагнат Эрик Чарльз Маунддун 46 жаштагы небереси киши өлтүрүүгө шектелип убактылуу камоочу жайга киргизилди. Ал  33 жаштагы Холли Уильямс менен анын жигити 36 жаштагы Уильям Ланвейди барымтага алып, өлтүрүүну уюштурган. Тактап айтканда аларды өлтүрүүгө буйрутма берген деген шек менен камалды. Жубайлардын жансыз денеси 2020-жылдын 12-мартында унаадан табылган, бирок бир топ убакыт өтсө да аларды өлтүргөн шектүүлөрдүн изи табылбай келген.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө милиция кылмышка өздөрүнүн коопсуздук компаниясын негиздеген мурдагы үч аскер кызматкеринин катыштыгы бар экенин аныктап, алар буйрутма аркылуу ада өлтүрүү беренеси боюнча айып тагылууда.  Ошондой эле эки жашты өлтүрүүдө алар 750 миң доллар акы алышкан.

Ланвей аттуу жигит Уильямс менен жакын мамиледе болгондорн кийин ал сүйүктүүсүнүн мурунку ойношу Маунду коркута баштаган. Ал сүйүктүүсү менен болгон мамилени ачыктай турганын айтып акча талап кылып коркутуп келген. Үй-бүлөлүү бизнесмен булардын оозун акча менен баса албасына көзу жеткенден кийин аларды өлтурүү менен гана жашыруун сырды сактап кала турганына көзү жеткен.  Акыры алардын көзүн тазалай тургандарды да таап аларга буйрутма бергени ачыкталды.

от jurik

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *