Вт. Янв 25th, 2022

Сургут шаарында газ баллон жарылып, үч кыргызстандык жабыркады. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматта, 15-декабрь күнү  саат 18.00дөр чамасында техникалык тейлөө станциясында жарылуу болгон. Окуянын кесепетинен 10 адам жабыркады. Алдын ала маалымат боюнча, жаракат алгандардын арасында Кыргызстандын үч жараны бар. Алардын абалы орточо деп бааланууда. Учурда Сургуттун күйүк борборуна жаткырылды. Россиянын Тергөө комитетинин Сургут шаары боюнча тергөө башкармалыгы процессуалдык текшерүү уюштуруп, учурда окуянын келип чыгышын автомобилдерге газ коючу жайдагы газдын басымы төмөндөп кеткенден улам деп божомолдошууда.

от jurik

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *