Жылдыз Жолдошова: “Эл ишенбей калды, ишенбөөчүлүк акырындык менен нааразычылыкка алып келет”

Борбордук шайлоо комиссиясынын шалаакылыгынан улам кетирилген кемчилик жалпы шайлоо процессине көө жаап, элдин ишенимин кетирип, коом ичине бүлүк салууда. Сервер өчүп-күйгөндөн кийинки күмөн саноолорго БШК канчалык деңгээлде актанса дагы жуулбай, нааразылык күн санап көбөйүүдө.

Мунун арты жакшы бүтпөй калышы ыктымал экенин баарын жон териси менен сезип жатат. Мындан улам учурда кайра шайлоо өткөрүү ылайыктуу деген пикирлер арбыды.

—Сервердин өчүшү боюнча БШКнын жообуна канааттандыңызбы? Же кайра шайлоо өтүшү керекпи?

—Албетте, бийлик элдин ишенимин кайтарам десе, азыр да кеч эмес, кайра шайлоону өткөрүшү зарыл. Сервер, деги эле бүтүндөй автоматташтырылган БШКнын шайлоо өткөрүү оргтехникаларын «адам» башкарат. Программа аркылуу алдын ала, кайсы партияга канча добуш бериш керек дегени, коомчулукка маалым болуп калды.

Серверди, атайын бузушкан соң, специалисттер түшүндүрүүгө аракет жасады. Бир партияга 66 миң добуш берилиптир, эсептесек 40 миң добуш деп жатпайбы? Мына ушул көрүнүшкө эч ким көңүл бурган жок. Анткени «иттин өлүгү» ушул жерде болчу.

Программага салганда бийликчил партияларга 20÷40 добушка дейри кошушкан, ал эми оппозициялык маанайдагы партияларга 1÷5ке дейри добуш кошушкан. Бирок, программисттер 100%дын ичинен чыкпаш керектигин эске алышкан эмес.

Цифралар, бийликчил партиялардын добушу 150%дан аша баштаганда БШК коркуп кетип, серверди өчүрүп бардык партиялардын добуштарын кыскарта салды. Ошондо, 20дан 40%га дейре кошкон партиялар менен кошо, таза алган оппозициялык партиялардын добушу да кыскарып кетти. Кийин протоколдорду каалагандай калчашып, «ашмалтайын» чыгарышты.

Бир топ суроо азыр жоопсуз турат. Маселен, Шайлоочулардын саны 3,5 млн. ашпайт, ал эми БШК кайсы мыйзамдын негизинде 7,5 млн. бюллетень чыгарган? Эмне себептен бюллетендердин, «водяной знагы» коргоо белгиси жок? Керек болсо, мына ушул эки суроонун негизинде кайра шайлоо өтүш керек, о.э. ким күнөөлү болсо камалыш керек.

Анткени, бул шайлоону «диверсиялык» жол менен мамлекеттин, Президенттин аброюна өтө катуу сокку урулду жана элдин ишеними, үмүтү жарым жартылай сынды. Эл бийликке ишенбей калды, ишенбөөчүлүк акырындык менен нааразычылыкка алып келет. Ал эми нааразычылык, талашсыз толкундоолорго алып барат…

Булак: Жаңы Ордо гезити

Add your comment

Your email address will not be published.