Марат Бакиевдин кызы Кыргызстанга 100 электромобил алып келет

Экс-президент Курманбек Бакиевдин агасынын кызы Сымбат Маратбек 2022-жылы Кыргызстанга 100 электромобил алып келет. Бул тууралуу ал журналисттерге билдирди.
Ал директор болуп иштеген Spark компаниясы электромобилдерди сатуу жана тейлөө, ошондой эле электр заряддоочу станцияларды орнотуу менен алектенет.
«Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 400гө жакын электромобил бар. Такси менен коомдук транспортту электр унааларына өткөрүү аракетин көрүп жатабыз. Азыр такси фирмаларынын бири бизден 10 электромобил сатып алды. 2022-жылдын январында өлкөгө дагы 100 электромобил алып келебиз», — деди Сымбат Маратбек.
Ал белгилегендей, компания ошондой эле өлкөнүн стратегиялык объектилерине, соода борборлоруна электромобилдерди кубаттоочу станцияларды орнотууну пландаштырууда.
Сымбат Маратбек качкын президент Курманбек Бакиевдин улуу агасы Марат Бакиевдин кызы.

Add your comment

Your email address will not be published.