Май куючу жайды куралчан үч адам тоноп кеткен. Арасында бир өспүрүм бар. ,Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта, Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-өгүз районунун Саруу айылынын четинде жайгашкан май куючу жайды 14-декабрга караган түнү белгисиз үч адам курал менен коркутуп кассадагы 1000 сомду алып кеткен. Бул окуя май куючу жайга орнотулган видео камерага түшүп калган.
Азырынча каракчылык кылгандар кармала элек.