Күйөөм сага болгон кызыгуум жоголду деп күйдүрүп жатат

Эки балалуу болуп отуруп калгандан бери күйөөм мурункудай мага көңүл бөлбөй калды. Башында бала менен алышып көп нерсени байкабай жүргөн окшойм. Эки жолу балдарды таштап конокко бардык. Ал жактан күйөөм мен жанында бар экенин деле унутуп койду. Бир кезде башка столдо отурган кыз менен бийлеп кетти. Үйгө келгенде «Мени каратып туруп кыздарга чуркадың эмнеге анда мен ээрчитип барасың?»-деп уруш чыгардым. Экөөбүз бир топко созгө келише албай уруштук. Аягында күйөөм «сага болгон кызыгуум жоголду. Башкалар мени тартып жатса эмне кылайын, өзүмдү тыя албай жатам»-деп күйгүздү. Ушул сөзгө эки жума таарынып чогуу чай ичишкен жокпуз. Мен да чай бербей таарынып отуруп алсам келер деп ойлогон элем. Менсиз жыргап чай коюп ичип, телефондон ар ким менен сүйлөшуп өзүнчө эле бактылуу болду. Кетип кала албайм, анткени күйөөм жакшы, балдарыма камкор ата. Бирок күйөөмдү жазалагым келип жатат.

Add your comment

Your email address will not be published.