Күйөөм экөөбүз 15 адамды багып келебиз, бөлүнүп жашоону кыялданам

Күйөөм үйдүн кичүүсү, кайын журтум менен кошо турабыз. Кайнене менен кайнатаны кодулагым келбейт жакшы адамдар. Бирок биз менен кошо кайнагам төрт баласы менен, кайынсиңдим күйөөсү үч баласы менен биздин үйдө турушат. Күйөөм эки жумушта иштейт. Акыркы күндөрү чарчап жатам деп түнү журөгүн кармап кыйналып чыкчу болду. Айтор кымбатчылык башталганы тамак-аштан кыйналып жетиштире албай баштадык. Кээде жумуштан келип түнку саат үчкө чейин үй оокаттарын кылам. Бул учурда баары уктап жаткан болот. Абысыным кыздарын деле сыртты шыпырып кой же үй жыйна деп айтпайт. Эртен менен кетип кечинде келип жатып алат. Үйдө нан барбы чай барбы деп бир да жолу сураган жок. Эки баламды акча тартыш  болуп бала бакчага да бере албайм. Же кайнагам менен кайын сиңдим бөлүнүп кетпейт же бизди бөлүп салбайт. Акыркы кундөрү бөлүнүп жашаганды кыялданып калдым. Кантип квартира болсо да бөлүнуп кетебиз?

Add your comment

Your email address will not be published.