Пт. Янв 21st, 2022

Айылда турабыз. Күйөөм эч жерде иштебейт. Мен да үйдөмүн. Кайненемдин пенсиясы менен күн көрөбүз. Пенсияны айдан айга жеткирип үнөмдөп бир сомуна чейин эсептеп турат. Күзүндө атамдыкына бармак болуп кайненем берген акчадан 100 сомуна байпак алып алгам. Дүкөндөн келсем бизди узатабыз деп кайнежем келиптир. Алып келгенимди эсептешип 100 сомду кайда кетирдин деп сурап калды. Байпагым жыртылып калганынан жаны байпак алып алдым десем кайнежем өзүн таппагандан кийин бирөөнүкүн коротконго кандай акын бар деп мага атырылды. Байпак үчун өзүмдү күнөөлу сезип унчукпай туруп бердим. Тура калып чачтап алып башка көзгө мени койгулап жиберди. Куйөөм арачалап калды. Эки баламды кошуп мени төркүнүмө жеткирип, апама: «Өзу акча тапканды билбейт, апам кызыңарды балдары менен бакканга милдеттүү эмес «-деп бир топ сөзду айтып кетти. Эки жарым айдан бери апамдын үйундөмүн. Келечегим кандай болот деп сарсанаа боло берчу болдум.

от jurik

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *