Кайненем жээндерин тукум улоочум деп мени жекире берет

Жети жылдан бери балалуу боло албай келебиз. Текшерилсек анализбиздин баары жакшы чыгат. Күйөөм эки бир тууган кайын сиңдим беш жыл мурун турмушка чыгып эки баласы бар. Кайненем кайын сиңдимдин эки баласын башкача карайт. Дайыма ушул балдар биздин тукумду улайт деп сүйлөнө берет. Ал сөздү мен өзүмө алып барган сайын чүнчүп балалуу болуу ишенимим жоголуп баратат. Күйөө болсо тымызын башка бирөө менен жашайт. Кетип калайын дейм бирок төрөбөгөн аял кимге керек. Көп жыл балалуу боло албай жүрүп балалуу болгондор барбы? Кандай ырымдарды кылдыныздар болушуп коюнуздарчы.

Add your comment

Your email address will not be published.