Пт. Янв 21st, 2022

Эки  жыл мурун жолдошум менен жезделерим иш баштап бирок банкрот болушкан. Улуу эжем «сенин күйөөң аферист»- деп көрунгөнду айта берди. Акыры апамды көндүрүп мени чакырып алышкан. Апам болсо : «Кайдагы аферисти таап эжелериң сенин күйөөңдүн айынан апжыраша турган болуп жатышат. Кумда изи жок шумпайды ээрчип кете турган болсон топурагынды түйуп берем»-деп алып калган. баламды алып төркүнүмө келбесем топурагын түйуп бере турган. Бир жылдай күйөөм артыман кайра-кайра келип тажаганда күзүндө үйлөнүп алды.  Эми эжелерим баламды ыйлаак, тентек дешип жаман сөздөр менен урушуп мени батырбай жатышат. Алар баланы атасына бер да башка күйөөгө тий дей. Мен кантип уулумду өгөй эненин колуна карматып отура алам. Күйөөм уулума банк аркылуу алимент караты 4000 сомдон салып турат. Ага эч нерсе айтпай жада калса телефон да чала албайм. Анткени эжелеримдин сөзүнө кирип аларды кыя албай ажырашкан өзүм. Эми балам менен төркунүмө да батпай жатам. Бала менен кандай жумушка кирсе болот?

от jurik

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *