Бөтөлкөлөшүнүн башын дөңгөч менен жанчып салган

Бөтөлкөлөшүнүн башын доңгөч менен жара чаап өлтүргөн. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун сотунун өкүмү жарыяланган.

Маалыматта,  окуя Ак-Суу районда катталган. Анда бөтөлкөлөш эки дос ичип отуруп сөздөн сөз чыгып уруша кетишкен. Конокко келгени чыгып бара жатып терезени колу менен талкалай чапкан. Терезени сындырганына жини келген жаран коногун короодо жаткан дөңгөч менен жанчып салган. Маркум окуя болгон жерде жан берген.

Айыпталуучу 10 жылга эркинен ажыратылып, 110 миң сом айып пулга жыгылган.

Add your comment

Your email address will not be published.