Амалкөй Алымкадыр Бейшеналиев суудан кургак чыгабы?

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жосунсуз жоруктары ар-дайым коомчулуктун кыжырын келтирип келет. Алсак, уу коргошунду иче коюп, дүйнөгө уят болдук. Мындан тышкары анын артынан ар-кандай сөз ээрчип, Жогорку Кеңеш отставкага кетирүү демилгесин көтөрүп чыккан. Кыскасы, Бейшеналиев кайда жүрбөсүн, эмне баштабасын арты чыр менен коштолуп, бийликтин аброюн түшүрүп жатканы жалганбы? Кечээ жакында жеке таарынычы барбы айтор, эч себепсиз Улуттук кардиология жана терапия борборунун башчысы Акпай Сарыбаевди иштен алды. Бул окуяга байланыштуу коллектив баш көтөрүп, министрдин бул кылганына каршылык көрсөтүшүп чыгышты. Буга себеп, Улуттук кардиология жана терапия борборунун башчысы Акпай Сарыбаев татыктуу иштеп, бир топ алгылыктуу долбоорлорду аткарганын жүйө катары келтиришти.

Дарыгерлердин мындай аракеттерине кыжыры келген министр аларга акаарат келтирип, коркутуп-үркүткөнү боюнча маалыматтар тарады. Мындай кантип болсун, министр оболу дарыгерлерди ынтымакка чакырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзбөйбү? Же Бейшеналиев өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип алганбы? Бейшеналиев Акпай Сарыбаев “Эмгек сиңирген дарыгер” наамын мыйзамсыз алганын, министрлик сунуштама бербей, ал өкмөттүн сунуштамасы менен алып алганын балп этти. Бейшеналиев ойду-тоону сүйлөбөй, аңдап сүйлөбөйбү? Алсак, бүгүнкү күндө мамлекет башчысы да, өкмөт башчысы да президент. Алымкадыр Бейшеналиевдин мээси жайындабы деги, болбосо минтип айтаардан мурда ойлонбойбу, президенттин огородуна таш ыргытпай. Артынан канчалык сөз ээрчибесин, амалкөй Алымкадыр суудан кургак чыгып кеткенге маш. Андыктан, Президент Бейшеналиевге окшогон чала сабат министрлерден арылып, бир силкинип албаса абал чатак…

Булак:ЧЫНДЫК

Add your comment

Your email address will not be published.