Пт. Янв 21st, 2022

Сүйлөшкөн кызы башка менен кетип калганы үчүн кызга 1,5 литр кислотаны башынан ылдый куюп салган. Бул тууралуу  «Комсомольская правда-Петербург» гезити жазып чыкты.

Маалыматта, 24-жаштагы Данил аттуу жигит 16-жаштагы Аня менен жарым жылдан ашуун эки жолго түшүшкөн. Бирок жигит кызга тынчтык бербей ага ар кандай смс жөнөтүп келген. Дайыма кыздын артынан сая түшүп ар кандай коркутууларды кылган. Кыздын жанында башка жигит пайда болгонун көркөндөн кийин Данил кызды жазалоо иретинде жигити менен сейилдеп жүргөн жеринен башынан ылдый куюп ийген.

«Бул коркутуу артыбыздан сая түшуп ар кандай тоскоолдуктарды уюштуруу жарым жылдан ашып калган. Данил мага да түндүн бир оокумунда чалып, ар кандай монологдорду айтып эки сааттан ашуун башымды оорутчу. Ал башында Анядан алыстаса өлүп кала турганын айткан. Сөзүнө караганда ал оорулуу сыяктуу болучу. Ал өзун Кудай экенин айтып, ал кандай кааласа ошондой боло турганын, биз анын оюунундагы куурчак экенибизди айткан. Ошондой эле жолуксам колумду, кабыргамды сындыра турганын айткан. Ошондой эле акыркы жолку чалуусунда биз 48 сааттын ичинде жарышапасак оюндун аягына өзу чыга труганын айткан. Бирок мен анын мындай коркутуусун мурункуларындай көруп маани берген эмесмин, — дейт Анянын жигити Матвей.

Данил эки сүйүшкөнгө 10-декабрь күнү кислота чачып ийген.

«Биз ал күнү Грибоедов каналынын жээгинде сейилеп бара жатканбыз. Аңгыча артыман мени жонго таптады. Аня болсо артыңды карабай баса бер беп колундагы калемпирлүү баллончикти колума карматты. Мен Аняны алдыга кетирип Данилди күтөйун дедим. Ошол учурда мени Аня артка кадам таштап мени алдыга түртуп ийди. Баары күтүүсуз болду. Ошол учурда Данил Аняга колундагы кислотаны куюп ийди.  Мен жетип барып анын бетине калемпирлүү баллонду сээп ийдим. Ал качты мен аны артынан кууп жетейин деген оюмду Анянын ачуу чаңырыгы жеңип кетти. Артымы карасам Анянын кийимдери суу сымал ылдый көздөй агып жатыптыр. Анын денеси жел үйлөгөн шардай болуп көөп чыкты. Чачтары болсо кийим менен кошо жерге агып түштү. Көз алдымда Анянын денеси ак барсылдак болуп калды. Анын мени караган көздөрүнүн бири кыпкызыл болуп күйүп турду. Мен ага жардам бере албай калдым. Ал кислотадан чыккан жандай болуп көрүндү. Мен тез жардам чакырдым. Менин денемдин кээ бир жерлери өрттөнүп жатты. Жаныбыздан өтүп бара жаткандар денебизге кар чачып жатышты. Анянын жардам сурап чаңырганы кулагымда жаңырып турат «, — деп окуяны эстейт.

Тез жардам эки жашты ооруканага жетикиришкен. Ал эми Анянын абалы оор бойдон калууда.

«Анянын кулагы кислотага эзилип түшүп калыптыр. Жүзүнүн сол тарабы толугу менен куюлуп калды. Ал акмак аны туру суук жанга айландырып койду. Анын башы, мойну, жүзү баары кислотага эзилип куюлуп түшүп калды. Азыр анын денесине аман калган терисин жамашат. Ал эми көзу тууралуу дарыгерлер эч нерсе айтпай жатышат. Башында дарыгерлер Анянын аман калышына кепилдик жок кислота канына чейин өтуп кетти дешкен. Азыр жашап кетүү мүмкунчүлүгу бар деп жатышат. Бул да болсо мага кубаныч тартуулады»-деп Матвей журналистке  окуяны айтып берген.

Ал эми Данил болсо окуя болгондон эки саатка жетпей кармалган. Анын телефон номери аркылуу мейманканын биринен тапкан. Ал ошол жерден кислотаны даярдалганы да аныкталган. Учурда убактылуу камоочу жайда, тергөө иши башталды.

от jurik

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *