Урандыдагы бабыргандай тилеги жаман оппозиция сөрөй

Ай карагандай текедей жазды күтүп жаткандар көп. Жакшы ниет күтсө го мейли эле, бирок тилекке каршы андай эмес.
Алардын ою азык түлүк кымбаттап, кышы менен свет өчсө, үшүсө элдин баары деп тилешет. Кудум эле урандылардын арасында жүргөн бабыргандын тилегиндей булардын ою. Ошондой будуң чаң мезгилде бийликке, байлыкка ээ болууну көздөшөт. Андай учурларда морадерлук да кылып жүрүшкөн. Эми аны миң жаман деген менен Атамбаев Алмаз айткан кезинде. Тарп аңдыган жорулар деген.
Алар Текебаев баш болгон, Сариеви төш болгон элдин өзгөчө тобу да. Булар ондоп саналат. Өздөрү эле болсо эчтеке эмес болчу. Алардын артын тууган уруктары, жек жааттары турат жаланып.
Кезинде Бакиев алып кетип калды деп калп айтышып «Азия Универсал банктагы» акчалардын баарын тоноп кетишкен булардын группасы. Муну менен Бакиевдерди актагым келбейт, алар да канкор болчу. Бирок алардан өткөн булар болуп жатпайбы.
Теледен, интернеттен каргадай болуп какылдап Бактыбек Калмаматову жаны тынбай нааразычылыктын отун тутандыргысы келет. Окшошсо окшошпосо, чыны калпын койгулаштырып, жамажайынан ак көбүк агып калгыча сүйлөйт.
Мына, билинип деле калды өлкөдө кимдердин дистабилдүүлүктү каалап жатканы. Буга УКМК чара көрөт го деп үмүт кылабыз.

Бурганак Толкунов

Add your comment

Your email address will not be published.