Күйөөм ойлоп тапкан нерсени бир ай жасагандан кийин ажырашпай калдык

Акыркы жылдары бири-бирибизге болгон
көз карашыбыз өзгөрдү. Эми айтайын
дегеним, мурдагыдай жылуу эмес. Баягы
түнү менен божурашып жаткан эки түгөй
жок, сөздөрүбүз эбак кыскарган: «ммм»,
«ооба», «жок», «макул» ж.б. Урушуп кетсек
жыргайбыз, анткени сүйлөшпөй бир-эки
жума жүрөбүз да. Сүйүүбүз кайдадыр
жашынып алды.
Элдин көзүнчө актербуз. «Бизде баары
жакшы» деген жазуусу бар футболка
кийбегенибиз эле болбосо, жалган күлкүнү
жүзүбүзгө чаптап алганбыз. Бирөө
жакшыбы деп сураса дароо тиги жоопту
айтабыз. Үйдө эки башка бөлмөдө телефон
чукулап жатабыз.
Мурда комплинет дегенди жаадырат элек.
Экөөбүз бирөө эмес, бири-бирибиз үчүн
жасанчубуз. Мен ага, ал мага жаккан духи

себинет дегендей. Көзүбүзгө сулуу болуп
көрүнгүбүз келчү. Азыр болсо, тизеси
чыккан шым, тамак чачыраган кофта, май
чач, эх… Сүйүүбүз кайдадыр жашынып
алды.
Жомогубуздун аягы эмне болуп бүтөрү анык
болуп калды. Илгери-илгери ханзаада менен
ханайым болуптур. Алар үйлөнүп, үч балалуу
болушат экен. Ушундай бактылуу жашап
жатканда, алардын үйүнө Кайдыгерлик
деген желмогуз келет. Акырын бекенип
алып үй-бүлөсүнө көз сала баштайт.
Биринчи жолу ханзаада байкап калып
кубалайт. Экинчисинде ханайым кубалайт.
Акыры экөө тең кол шилтеп коет. Бир күнү
тиги желмогуз экөөнүн сүйүүсүн жеп кетет.
Ошентип жомок бүтөт.
Ажырашуу! Бул сөздү айтканга эркибиз
жетпей жатты. Бирок, айтыш керек. Мен

айтайын деп, балдарымды оилоим, ал
айтайын дейт, балдарыбызды ойлойт.
Сүйүүбүз кайдадыр жашынып алды.
— Нури, жүр сүйлөшөлү. Мен мындан ары
чыдай албай калдым.
— Макул, жүр ашканага.
Экөөбүз бир сааттай унчукпай отурдук.
— Мен бир метод ойлоп таптым. Ошону бир ай
жасап көрөбүз. Эгер аны колдонгондон
кийин бир нерсе өзгөрбөсө, анда…
— Ажырашалы. Мен дагы кыйналып кеттим.
Эмне метод?
— Ар дайым эртең менен жумушка
баратканда жана кечинде келгенде
кучакташып турабыз. Бир күн дагы
калтырбайбыз.

Күйөөмдү карадым. Тамашадай көрүнбөт.
Ушунча оңойбу? Бир ай чыдай алам.
Методун аткарып көрөлү.
Биринчи жолу ыңгайсыз болдук.
Балдарыбыз таң калып карады.
Кучакташып, бирок жүзбүзгө карабай
жумушка жөнөп кеттик. Экинчисинде дагы
ыңгайсыз болдук. Балдарыбыз таң калып
карады. Үчүнчүсүндө жүрөгүнүн сокконун
укканга жетиштим. Ал чачымдан жыттады.
Балдарыбыз күлүп карады.
Он бешинчи кучакташуу узак болду.
Балдарыбыз чуркап келип бизди кучактады.
Жыйырманчы кучакташууда жашынган
сүйүүбүздү таптык өңдүү. Балдарыбыз
күлүп келип кучактады. Жыйырма тогузунчу
кучакташуу. Экөөбүздүн көз жашыбыз
төгүлдү. Балдарыбыз таң калып карады.

Кечир сүйүү, сага күн сайын кам көргөндү
унутуп калыппыз. Кечир, сүйүү. Эми кетпе.
Сени араң таптык. Мындан ары бапестеп
бакканга аракет кылабыз. Эки муздак жүрөк
жылыды. Бири-биринин добушун угуп,
мурдагыдан катуу сого баштады. Дале
кучакташып турабыз.

Add your comment

Your email address will not be published.