Пт. Янв 21st, 2022

Турмушка чыкканы иштебейм. Бала менен сегиз жылдан бери үйдөмүн. Беш балам бар, алардын курсагын тойгузуп, кийимин тазалап дегендей айтор үй оокат менен алектенип келем. Жолдошум жалгыз иштейт. Кайненем келген сайын үйүң чачык, төрөйт десе эле төрөй бербей палндап төрөп иштебейсиңби деп уруша берет. Ал келет дегенде балдарымдын баарын кууруп, үйдү жыйнап отуруп калабыз. Балам жалгыз иштеп баарыңарды багат деп келген сайын менин үйдө отурганымды жактырбай, берген тамагымды жөн ичпей кылган кыйкым таап кетет. Балдарым анын да баласына таандык экенин билбейби деп кетем. Үйдө кечке жыргап жаткандай көрөт окшойт.

от jurik

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *