Кайнатамдын оорусу кармаганда мага тынчык жок корком

Күйөөм менен үч ай сүйлөшүп эле турмушка чыгып алгам. Камкор, боорукер, өзгөчө аял кишиге жумшак. Мага ушул мунөздөрү жагып, жашоомдо бактылуу болом деп ойлогом. Чынында күйөөмду тандоодон жаңылбаптырмын, бирок кайын журтту байкабай тозокко түшүптүрмун деп жатам. Кайненем он жыл мурун каза болуп калыптыр, эмне себеп болгонун сураган да жокмун. Кайната менен бирге турабыз. Жоош көп сүйлөбөгөн адам, бирок оорусу кармаганда адамга кол салуудан кайра тартпай калат экен. Токмоктогу псих больницада каттоодо турарын жакында эле билдим. Айдын бир мезгилинде оолугуп, бирөөгө кол салчудай болуп калат. Эки жолу мага тап бергенде күйөөм жанымда болуп калып кудай сактаган. азыр күйөөм жалгыз иштегенге үйдө көп болбойт. Бала менен 24 саат бою мен отурам. Кайнатамдын оорусу кармаганда баламды көтөруп алып айылчылап кетем. Жыл бою эле бир барган үйунө кайра-кайра айылчылай да албайт экенсин. Эмне кыларымды билбей калдым?

Add your comment

Your email address will not be published.