Исхак Пирматовдун саткынчылыгы, мыйзамсыз байыганы боюнча шиңгилдер

Курманбек Бакиевдин режиминде Исхак Пирматов “Кыргызнефтегазды” жетектеп калып, эбегейсиз байыганы коомчулукка маалым. 2010-жылдан кийин кылмыш иштери козголуп, камалып кетерде Алтынбек Сулайманов, Икрам Илмиянов ортого түшүп, сактап калганы айтылып келет. Андан бери эки ирет депутат болду. Атамбаевдин бийлиги учурунда Исхак Пирматов Бишкек мэри Албек Ибраимов менен коюн-колтук алышып, дагы байыганы аңыз кепке айланган. Албетте, бул жагын тийешелүү күч органдары эртеби-кечпи казып чыгышат… 2020-жылы 1 миллион доллар төлөп, “Биримдик” партиясынын тизмесине киргени ыраспы? “Шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт” эмеспи. Октябрь төңкөрүшүнөн кийин бул эргул жашынып, “каралар” артынан түшүп, ара-чолодо камалып чыкканы шыбыш кепке айланып, акыры өткөн жазда УКМК кармаган. Бирок түрмөгө көпкө отурбай, ооруканага которулуп, ошондон ары эркиндикке чыгып кеткенин укканбыз. Тергөө менен кызматташкан имиш. Кумтөр иши боюнча Асылбек Жээнбековго, Төрөбай Зулпукаровго каршы көрсөтмө берип, Исхак Пирматовдун бошоп кеткенин кандайча түшүнөбүз? Сокенин бийлиги тушунда бул эки үлкөнгө кошомат кылып жүргөнүн кантебиз? Мына жүзү! Саткынчылык бекен? Эмне үчүн бул шылуун “Мыйзамсыз баюу” беренеси менен кайра камалбайт? Элдин ырыскысын мамлекеттин казынасына төкпөйбү? Же кийинки келген бийлик жазалайбы?..

«Азия Ньюс» гезити

Add your comment

Your email address will not be published.