Бүгүн мурунку президент Аскар Акаевдин Кыргызстанга учуп келгени айтылууда

Бүгүн, 14-декабрда Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев Кыргызстанга учуп келгени айтылууда. Бул тууралуу АКИpress агенттигине өздүк булактарына таянып ​​билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ал Москва — Бишкек рейси менен саат 04:40та уулу Илим менен бирге учуп келген.

Акаев Кыргызстанга келгени тууралуу маалыматты анын айланасындагылар тастыкташты. Мурунку президенттин Бишкекке эмне себептен келгени азырынча белгисиз.

Add your comment

Your email address will not be published.