Биринчи аялына билдирген экинчи аялынан эки балалуу болгон

Аялы күйөөсүнүн тымызын башка аял менен жашап эки балалуу болгонун гезиттеги кабардан улам билген. Бул тууралуу The Sun  басылмасы жазып чыкты.

Маалыматта, Эдиссон аттуу аял он жылдан ашуун күйөөсү менен бактылүүк күндөрдү өткөрүп келген. Сүйүктүүсү дайыма убагында үйгө кайтып келгендиктен анын ошол эле учурда жарандык никедеги аялы бар экенин шекшиген да эмес. Эдиссон ишемби күну күйөөсүн жумушка узатып коюп, стол үстүндө турган жергиликтүү гезитке көзү түшөт. Аны барактап жатып, төрөт үйунүн кабалрларын окуп жатып күйөөсүнүн атын окуп калат. Төрөт үйү адашып жазып алган деген ой менен текшерип көрүү үчүн төрөт үйүнө чалат. Ал жерден чын эле күйөөсү башка аялдан уулду болгонун билет. Бул тууралуу күйөөсүнө айтканда уулдан сырткары бир жарым жашар кызы бар экенин ачыктап болгону ал аялды чындап сүйуп калганын билдирген. Ал эми биринчи никеде баардык мүлктөрү жазылып калганы үчүн ал экинчи үй-бүлөсүн жашырууга туура келгенин айткан.

Add your comment

Your email address will not be published.