Аялын кызганычтан улам уруп өлтүрдү

Кызганычтан улам аялын уруп өлтүргөн. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББ билдирди.

Маалыматта, 13 декабрь күнү Сокулук районунун ооруканасына оор абалда токмок жеген аял келип түшкөн.  Бул тууралуу оорукана Сокулук РИИБне билдирүү кылган. Аялдын абалы оор болгондуктан эсине келбей каза болуп калган. Маркум 1980-жылы туулган. Р.М болгон. Бул боюнча кылмыш иши катталып, ага шекүү делип анын 1973-жылы туулган күйөөсү кармалган. Иликтөөнүн божомолунда күйөөсү аялын кызганып уруша кетип, ур токмоктон алган жаракаттан улам көз жумган.

Add your comment

Your email address will not be published.