Күйөөмө экинчи бала төрөй албай турганымды айтсам, мындай деп ыйлатты

Чемоданымды салыштырдым. Баламдын
жылуу кийимдерин даярдадым. Таксиге
буйрутма бердим. Мешти өчүрдүмбү же
жокпу бир карадым. Эшикке чыгып
Балтекти сылап келдим. Терең дем алып,
телевизор көрүп отурган күйөөмдүн жанына
бардым.
— Султан.
— Иий.
— Неме, сага бир нерсе айтайын дедим эле.
— Эмне болду?
— Мен мындан ары төрөй албайм.
— Койчу тамашаңды.
— Жатынымды алып коюшкан.
Өзүмдү кармай албай ыйлап жибердим.
Ошол күн кудум азыр болуп жаткандай көз
алдымда.
Султан экөөбүз тең балдарды жакшы
көрөбүз. Кыз-жигит болуп сүйлөшүп
жүргөндө эң аз дегенде жети балабыз болот
деп кыялданчубуз. Тилекке каршы, алдыда
эмне күтүп турганын билбейт экенбиз.
Тун уулубуз Баэлди ушундай азап менен
жарык дүйнөгө алып келдим. Дарыгерлер
экөөбүздү тең жашап кете албайт дешкен.
Эки ай бейтапканада жашоо үчүн күрөштүк.
Ооруканадан чыгып баратканда
гинекологум өзүнө чакырды.
— Айганыш, кийинкиси мындан да жаман
болушу мүмкүн. Сенин ден соолугуң көп

балалуу болууга …

— Сөзүңүздү бөлгөнүм үчүн кечирим сурайм,
бирок мен бул тууралуу сүйлөшкүм келбейт.
— Кааласаң жолдошуңа айтайын.
— Жок. Жакшы калыңыз.
Чындыкты уккум келген жок. Бөлмөсүнөн,
деги эле ушул жерден тезирээк кетким
келди.
Жылдар өтө берди. Байэлдин инилүү болгусу
келген тилегин эч эле орундата албай
койдук. Көрүнбөгөн жерибиз калбады.
Анализдеримди көргөн дарыгерлер «сага
төрөгөнгө болбойт» деп туруп алышты. Бир
күнү боюмда бар экенин билдим.
Курсагымдагы балама беш ай болуп калган.
Түнкүсүн ичим катуу ооруду. Чочуп
ойгондум. Шейшеп кан болуп калыптыр. Тез

жардам чакырдык. Баары жакшы болсо

жардам чакырдык. Баары жакшы болсо
экен деп Султан экөөбүз машинада ыйлап
бараттык. Курсагымды кучактаган боюнча
эсимди жоготтум. Бир жумадан кийин
көзүмдү ачсам, баламды жоготуптурмун.
Баягы сөзүн уккум келбеген гинекологум
палатага кирип келди.
— Жакшы болуп калдыңбы? Бир өлүмдөн
аман калдың. Катуу кан кетип, балаң менен
жатыныңды сактай албай калдык. Сага
көңүл айтам. Абалыңды түшүнүп турам.
Өзүңдү колго ал.
— Султан билеби?
— Жок, биринчи өзүңө айтууну туура көрдүм.
— Рахмат сизге.

Көзүмдү ачканымды уккан Султан чуркап

келди. Бетимден өөп аябай сүйүндү. Ичимен
азыр эмес, кийин айтам дедим. Ошентип
ыңгайлуу учурду төрт жылдан кийин таптым.
Султан тура калып кучагына кысты. Көз
жашымды аарчып, телевизорду өчүрдү.
Экөөбүз бир саамга унчукпай кучакташып
отурдук.
— Айка, мен баарын билем.
— Эмне?
— Ооба, мен баарын билем. Ошол күнү
дарыгер, «экөөнүн бирөөсүн гана, бала же
энени сактап кала алабыз» дешти. Мен
көпкө ойлонбой дароо жообумду бердим.
Эгер мага бала керек болсо, азыр
маңдайымда турмак эмес болчусуң. Сенин
күлкүң, көзүң, менин абам, ансыз дем

алалбайм. Кантип сен жок бул дүйнөдө

басып жүрөм!? Мен сага өмүрүмдүн аягына
чейин сени менен болуу үчүн үйлөнгөм.

Add your comment

Your email address will not be published.