Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев мектеп жетексилерине сын айтты.
Ысык-Көл облусунун губернатору Мирбек Кожоев күтүүсүз текшерүү менен Каракол шаарынын №2 жана №9 мектептерин, ошондой эле Ак-Суу районуна караштуу Мамакеев, Киров орто мектептерине барган.
Текшерүү учурунда облус башчы окуу жайларда, азыркы мезгилге талапка ылайыксыз жүргүзүп жаткан иштерин аныктап мектеп жетекчилердин иштерине нааразы болду.