Саясатта туруксуз Сооронкулованы “сүйгүң” келет да…

Акылдуу көрүнүп, адилеттүүлүктү талап кылымыш этип, сын айтса Клара Сооронкулованы билбегендер укмуш ойлосо керек. Жо-ок. Жаңыласыңар. “Кыздын сыры төркүнгө маалым” дейт. Анын окутуучу, судья катары кандай иштегенине, эмне болуп жумуштан кеткенине, жүрүм-турумуна шашпай токтолобуз. Убактысы келгенде кайрылабыз.

Эмесе, биз Сооронкулованын саясаттагы кадамына, кыска аралыктагы жүзүнө учкай көз чаптыралы. Алмазбек Атамбаевдин доорунда жумуштан түшүп калып, оппозиция майданынан көрүндү. Ыгы келсе-келбесе деле бийликти сындап жатып калмай адатты өнөр тутуп алган. Өзүн күзгүдөн бир карап койсо не? “Ким элем? Ким болдум? Кайда баратам?” деген суроолорго баш оорутуп. Антпейт. “Сынчынын сыңар өтүгү майрык”, “Өзүнүн башындагы төөнү көрбөгөн, бирөөнүн башындагы чөптү көрөт” дегендей образда. “Сүйдүргүнү” гана келтирет да…

Анан калса, саясаттагы туруксуздугу баштан ашып кетти. Алгач “Улуттар Биримдиги” партиясына өтүп, штабына минип, айлык жеп отурчу. Андан соң “Реформаны” түзүп чыгып, былтыркы шайлоого катышып, элдин колдоосун ала албады. Жеңил-желпи саясый уюм катары сыпатталып. Бир туруп бейөкмөтчүлөрдүн “үйүрүнө” кошулуп кетет. Быйыл парламенттик шайлоого катышуу үчүн “Ата Мекенге” жармашып, жарытылуу добушка жарабады. Эл колдосо башка талапкерлердей көтөрүп кетет эле да. “Каарман айымдын” керексиз экенин көрдүңөрбү? Убакыт ушундай эле таразалап коёт. “Даамдуу” дараметиң менен!

Негизи Клара Сооронкулова кемчиликти, жамандыкты гана издеп жүргөндөй элес калтырат. Туура сөздү тескери угуп, түз жолду кыйшык көргөндөй. Албуут, беттен алма. Урушчаак. Маданият, этиканы аттап-чаттап өткөндөй мамиледе жүргөнүчү? Мындай түрү менен ачууланбай, психологдон кеңеш алып, көңүл жубатчу “иштерге” алаксып көрбөйбү? Балким ден соолугуна пайдасы тийет беле? Албетте, кулагыңа күмүш сырга дегендей…

Ооба, бийликти сындаш керек. Бирок айткан пикириң негиздүү, курч, сунушка сугарылган, жообун да таба билгендей даанышмандык үлгүнү көрсөтө алсаң. Антпейт, жөн эле жек көрүү, тыңсынмай, кылдан кыйкым издемей, кыскасы, элдин башын айлантмай… Кайда баратат? Же Батыштан акча арбын бөлүнбөй кыйналып калдыбы?..

«Азия Ньюс» гезити

Add your comment

Your email address will not be published.