Келинимдин сөзүн укпай коюп уят болгонум эсимден кетпейт

Келиним менен кеңешип иш кылгандан бери
жашоом оңолду. Мурда курбуларымдын
«кайын эне кандай болорун көргөз» деген
сөзүнө кирип, кыйынсына берчүмүн. Азыр
өзүмдү гана угам. Башкаларга зыян
кылбайм. Бирок, башында менден өткөн
желмогуз жок эле.
Эч качан бирөөгө жамандык кылбагыла.
Эртеби-кечпи өзүңөргө кайтып келет. Мен
муну элдин алдында уят болгонумда
билдим. Келиним гана мени жалооруп карап
турду.
«Мен гана чечем!» Бир үйдү башкаргым
келди. А чынында башкарбай эле, уят болуп
жүргөнүмдү билдим. Баары мага теңелбейин
деп эле макул деп коюшчу экен. Бир гана
жаңы келген келиним мен үчүн тызылдап

жүрүптүр.

— Апа, ал жоолукту алып барбаңыз, баягыда
алып келишкен. Кайра өзүнө алып барып
берсеңиз, уят болосуз.
— Ай, мен билемби же сенби? Муну эмес,
башка жоолукту алып келген. Ушуну эле
берем.
— Апа, алып барбаңыз, уят болосуз. Мени
уксаңыз.
— Башка жоолук болчу.
Кошуна аялдын апасы каза болгон. Ошого
куран окутканы бара жатканбыз. Келиним
тызылдап жатты. Аны укпай чыгып кеттим.
Кийитин кийгизип, жоолугун колуна
карматтым. Колундагы жоолукту карап
турду дагы, ары ыргытып койду. «Апам каза

болду, мен берген эмес, башка эле жоолук

алып келсең болмок.» Кошунам бурк этти.
Элдин баары мени карап туруп калды.
Сыртка кантип чыкканымды билбейм.
Келиним гана жаныма келип «жүрүңүз» деди.
Билбейм, ошол окуядан бери башкачамын.
Күйөөм, балдарым баары мага кабатыр.
Мурда башкарып сүйлөгөндө мени эч ким
укпайт эле. Азыр ойлуу отуруп калгандан
бери өздөрү келип кеңеш сурай башташты.
Өзүңөр билгениңерди жасагыла деп койсом,
таңкалышат. Тажадым. Мен жөн гана
жашагым келди.
Келиниме жакын болуп кеттим. Аны менен
кобурашам. Бир нерсе болсо кеңеш сурайм.
Кыскасы, аны менен кызыктуу болуп калды.
Экөөбүз бири-бирибизге акыл үйрөтпөйбүз.
Жөн гана отуруп алып кеңешебиз.

Курбуларымдын сөзүн мээмден чыгарып

салдым. Мен келиниме ишенгим келди.
Азыр дүкөндөн келе жатам. Алдыман баягы
кошунам чыкты. Кечирим сурадым. Ал дагы
катуу кеткенин, элдин көзүнчө эмес, кийин
эле айтса болмок экенин айтты. Экөөбүз бир
жерге барып тамактандык. Келинимди
мактады. Жымыңдап сүйүндүм.

Add your comment

Your email address will not be published.