Вт. Янв 25th, 2022

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, 28-ноябрда ЖКга депутаттыкка “Азаттык” партиясы менен шайлоого аттанган Жылдызкан Жолдошова жаңы парламентти тааныбай тургандыгын “Элдик Медиа” маалымат агенттигине маалымдады.

Ал шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен өттү деп эсептейт.

Бул парламентти биз тааныбайбыз, шайлоо одоно мыйзам бузуулар жана текеберчилик менен бүттү. Андыктан парламенттин иштегенге, Жогорку Кеңештин имаратына кирип, кайсы бир маселени талкууга алганга моралдык жактан укугу жок!”, -деп билдирди Жылдызкан Жолдошева.

Белгилей кетсек, 28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өткөн. Добуштар адегенде автоматтык эсептөөчү урналарда, андан кийин колго саналып, жыйынтыгы Боршайкомдун сайтына жарыяланды.

90 орундун 54ү үчүн 21 партия ат салышкан. Баштапкы жыйынтык боюнча мандаттардын 15и “Ата-Журтка”, 12си “Ишенимге”, 9у “Ынтымакка”, жетөө “Альянска”, алтоо “Бүтүн Кыргызстанга”, бешөө “Ыйман Нуруна” тиймей болууда. Калган 36 мандат бир мандаттуу округдардан өз алдынча шайланып келген депутаттарга тиет.

Шайлоонун расмий жыйынтыгы 18-декабрга чейин белгилүү болушу зарыл.

Добуш берүү күнү Боршайкомдун сайтындагы маалымат системасы үзгүлтүккө учурап, жаңылангандан кийин айрым партиялардын добушу азайып калган. Алар БШК алдында нааразылык акциясын өткөрүшкөн жана добуштар бурмаланганын айтып, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан.

от jurik

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *