Жөө жүргүнчүнү сүзүп качып кеткен айдоочу сырдоочу жайдан табылды

Аламүдүн айылындагы «Чекиш-Ата» кичи базарынын жанында айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучу ооруканада каза болгон. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, кырсык 31-октябрда саат 5.30дар чамасында болгон. Белгисиз айдоочу белгисиз унаа менен түштүктөн түндүктү көздөй бара жатып, 25 жаштагы жөө жүргүнчүнү сүзүп, кырсык болгон жерден из жашырып кеткен.

Жаракат алган адам ооруканага жеткирилип, алган жаракатынан улам каза болгон.

9-декабрда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, алдын ала маалыматтар боюнча, Киа Спортаж үлгүсүндөгү унаасы менен жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен 31 жаштагы айдоочу Токмок шаарынын тургуну аныкталган. Автоунаа Бишкектеги сырдоочу жайдан табылган.

Айдоочу менен сырдоочу станциянын мастери кошумча иликтөө үчүн Аламүдүн райондук ИИБге жеткирилип, унаа токтотуучу жайга киргизилди.

Add your comment

Your email address will not be published.