Жаңы ачылган Балдардын ооруканасы чын эле жаңыбы? Абалы кантет

Бишкекте көп тармактуу Балдар ооруканасынын ачылышы болду. Ага Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.

Оорукана 150 бейтапка ылайыкташкан. Буга чейин аталган оорукана ушул жылдын аягында жаңыртылып колдонууга берилээрин мекемеден билдиришкен. Бирок имараттын ачылганы менен эч кандай оңдоп-түзөө же өзгөрүү болгон эмес. Мурда республикалык диагностика борбору убагындагыдай эле өтө начар абалда болгон. Ал эми жетекчилер 2022-жылдан баштап жаңыртылаарын айтышты.

Учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги эч кандай шарты жок экенине карабай 58 баланы кабыл алып, аларды төртүнчү жана бешинчи кабатка жайгаштырышкан. Тилекке каршы, сүрөттөн ооруп келген балдар үчүн бөлмөлөрдө бир дагы керектүү буюмдар жана жуунучу жайлары жок экенин көрүүгө болот.

Кошумчалай кетсек, ооруган балдардын саны көбөйүп, балдар ооруканасына батпай, кезек күткөндүгүнө байланыштуу көп тармактуу оорукана түзүлгөн.

Add your comment

Your email address will not be published.