Видео- Үч жашар бала көп кабаттуу үйдүн терезесинен кулаган

Көп кабаттуу үйлөрдүн биринде үч жашар  бала терезеге асылып калган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта, көп кабаттуу үйдүн терезесине коюлган решеткадан чыгып сыртка асылып калган. Көп өтпөй байкоочулар үйдун алдына жууркан кармап баланы тосуп калууга аракет кылган. Баланын колу решеткадан чыгып кетип үчүнчү кабаттын терезесине урунуп андан кийин жууркандын үстүнө түшкөн. Баланы ата-энеси улуурак балдарына таштап кеткен, Ошол учурда бала ойноп отуруп терезенин решеткасынан сыртка чыгып кеткен. Учурда баланын абалы жакшы, дарыгерлердин кароосунда.

Add your comment

Your email address will not be published.