Орозайым Нарматова бул парламенттин бетине көө жабат

Жетинчи чакырылышка татыктуу талапкерлер да шайланып өтүп келишти. Алар парламенттин басымдуу бөлүгүн түзмөкчү. Бирок, алардын арасында бул чакырылышты ашмалтай атка кондура тургандар да жок эмес. Алардын бири Орозайым Нарматова.
Анда кеп башынан болсун. Тээ 2017-жылы бул кыз «Мекенчил» партиясын колдойм деп, алардын иш чараларынан калбай ээрчишип эле жүрчү. Биз билгенден бир жерде окучу деле эмес, дайындуу иштеген иши да жок болчу. Митинг акцияларда жүрчү, анан кээде Москвага кеттим деп бир топко көрүнбөй калчу. Угушубузга Москвада да дайындуу иши жок, окуган да эмес.
Кызык, кайсы каражатка жашап жүрдү экен.
Эми минтип шайлоодо «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы менен 900 добуш алып парламентке келатат. Билими жок, мамкызматта иштеген эмес. Кандайдыр бир партияга эмгеги сиңген эмес. Мына, келаткан чакырылыштын жүзүнө көө жапчулардын бири. Кантип ушул кыз эл өкүлү болот? Деги мыйзам деген эмне экендигин түшүнөбү? Же боло береби буларга?!Ошол эле мезгилде шайлоодо он миң ашык добуш алган, чарбалык долбоорлору бар, тажрыйбалуу кишилер өтпөй калды. Кайда баратабыз?!

Бурганак Толкунов

Add your comment

Your email address will not be published.