Күйөөмдүн бөлөсү үйдөн кетпей койду эмне кылам?

Бишкекте батирде турабыз. Үч балам бар. Эми батир дегенде бир бөлмөдө ашканабыз, жатагыбыз. Сургутта иштеп жургөн күйөөмдүн бөлөсү келген. Эки айдан ашты, биздин үйдө жашап жатат. Баарынан да үйдө жарым жылаңач болуп алат. Күйөөм аны карагандан уялып, мага кийин деп айтчы дейт. Мен айтсам «эриңди кызганып жатасынбы? Россиядан эркектин турун көргөм бөлөм эмне болуптур»-деп оозумду жаап жатат. Чыгып кет дейин деп кайнене сиңдиси менен таарынышып калбасын деп отурам. Кээде бир тууган экенине карабай бөлөсү күйөөмө кылыктанып тийишип калат. Кантип уруш чыгарбай сый үйдөн чыгарам?

Add your comment

Your email address will not be published.