Пт. Янв 21st, 2022

Турмуш куруп жашаганыма үч жыл болуп калды. Кайненем менен чогуу жашайбыз. Канчалык оокат кылып тамагымды түрлөп жасасам деле жактырбай тамакты четке түртүп салат. Эки жолу жакшы жемпир алып бердим. Экөөнү тең кире беришке илип койду бир да жолу кийген жок. Кээде эмнеге мынчса кайненем жактырбайт деп көп ойлончумун. Көрсө күйөөмө аяшынын кызын алып беребиз деп эки тарап сүйлөшкөндөн кийин күйөөм ал кызга эмес мага үйлөнуп алып, аяшы менен катышпай калыптыр. Аяшынын кызы дагы деле турмушка чыкпай жүрөт экен. Кайненемдин мени кодулай бергени токточудай эмес ажырашып кетсемби?

от jurik

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *