Эмилбек Каптагаев, депутаттар тууралуу шашылыш билдирүү таратты

Бул тууралуу саясатчы Эмилбек Каптагаев өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Эмилбек Каптагаев, депутаттар тууралуу шашылыш билдирүү! Өтө маанилүү маселе бул!

Депутаттар жайыттарды арендага конкурс аркылуу берүү жөнүндө мыйзам долбоорун карап жатышыптыр. Тототкула! Бизде чоң СОГУШ чыкса жайыт үчүн чыгат, азыр ээн жаткан жайыт жок, бардык жерде мал батпай калды.

Айыл жанындагы жайыттар мене интенсивдүү пайдалануудагы орто жайыттар толук деградация болуп бара жатат. Кийинки кездеги Жайыт комитеттерини бул маселедеги жасап жаткан иштери алгылыктуу, бирок дагы да жетишсиз. Аны күчөтүу керек, кайра колго чаппай.

Жайыт комитеттери аркылуу жаңы-жаңы тартипке келе жаткан нерсени бузбагыла! Жайыт пайдалануу тартибин ошол жергиликтүү жамаатар өздөрү чечкени абдан туура. Жайытты конкурс менен ким акчаны көп төлөйт деп бере баштоо чоң чатактын башы болот, коррупция башталат, акчалуу-байлар алып кайра субарендага берип карапайым элдин канын соро башаташат, ал эми бирин-эки малы барлар такыр жайыты жок калышат, алар арендага жайыт ала алышпайт. Жайыт жалпы элге таандык болуусу зарыл», — деп билдирген Каптагев.

Add your comment

Your email address will not be published.