Эки аялдуулукка мен түз эле көз карашта элем. Бирок башыңа түшсө баары башкача экен

Саламатсыздарбы. Мен силер менен ой бөлүшүп, сырдашкым келет. Күйөөм менен сүйлөшүп, сүйүшүп турмуш курганбыз.Күйөөм мага жакшы мамиледе болуп келген, жада калса апасы, эжелерине талатпайт болчу, дайыма алар мени жамандаса аларды басып, мен деле капа болуп ушинтишти десем мени жубатып сый мамилени адилеттүү сактап келет. Ачыгын айтыш керек динден алыс адамдар элек. Нике ыссык демекчи мурункудан да көбүрөөк жакшы көрдүм.Ыраматылык Чубак ажыкебиз себепчи болуп, сабактарын угуп, динди түшүнуп амал кыла баштадык.7жыл болду үйлөнгөнүбүзгө. 2 кызыбыз бар.Экинчи аялдуулук боюнча мен түз карашта болуп келгенмин. Башка түшкөндөгүсү башка экен. Күйөөм менден мурунку девушкасы менен сүйлөшүп жүрүптүр,аны дагы ойдо жок жерден көрүп калдым, себеби мен телин кармап текшерчү эмесмин. Кептин кыскасы арадан бай өттү сүйлөшүп жатышат, бул боюнча көп уруштук.Сүйлөшпөй жатам ал өзү жазат деп жалган айтат мага. А мен перепискаларын көрүп калып жатпаймынбы жашыруунча.Колунан келсе алы келген шарты бар экөөнү тең карай алам деген эркектин баары алсын, себеби көрдүм пандемияда канчалаган балалуу аялдар эри жок, кыйналып жашап жатышканын. Мен деле ойлочумун күйөөм ушундай бир жардамга муктаж аялга үйлөнөт болуш керек деп. Күйөөм ал кыз менен  туруктуу  мамилеге келип калыптыр. Аны жазгандарынан көрдүм. Мен акылым менен ойлонуп макул деп ыраазы элемин, бирок аял экенмин жүрөгүм менен эмоцияга алдырганда чыдабай кетем. Кыздар аранарда барбы экинчи болуп тийгендер,кантип жашап жатасыздар ?

Add your comment

Your email address will not be published.