Исаков чабуулга өтө алабы? УКМК саясатчылардын кулактарын тикчийткенде

Бир канча ай мурда 2010-жылдагы Июнь окуясы боюнча кылмыш иштери козголгону кабарланган. Соңку убакта жанданганы, тергөө кызуу жүрүп атканы каңкууланды. Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Исмаил Исаков бул өңүттө “башкы каарман” катары дыкат сураларын алдыртан билип, өзүн коргоо үчүн каршылаштарды айыптоо жагынан даярданып, бир канча документтерди, күбөлөрдү тымызын тизмектеп, чабуулга өтө турганы желдей тарады. Саясый күрөшкө бурабы? Кырдаалга, эл ичине таасир жаратууга ашыгабы? Айтор, азырынча саясатчылардын тар чөйрөсүндө Июнь окуясын талкуулоо, өз ара пикир алмашуулар жанданууда. УКМКнын кадамы кандай болорун баары аңдышып, кулактарын тикчийтип калышканы бекер жерден эмес го?..

«Азия Ньюс» гезити

Add your comment

Your email address will not be published.