Апамдын сөзүнөн чыкпай беш жолу турмушумду бузганыма өкүнөм

Жашым кыркка жакындап калды. Кечээ
сакал-мурутумду алып отуруп эки ак чач
таап алдым. Чекеме бырыш түшүп,
курсагым да чыгып калыптыр. Жарымы
сынык күзгүдөн өзүмө ушундай «страшный»
көрүндүм. Сүлкүлдөп турган жаштыгымдын
кантип өткөнү эсимде жок.
Баягы күнү жумуштан келатсам
кошунамдын төрттөгү баласы көчөдө ойноп
жүрүптүр. Бойтойгон сонун бала, бетинен
өөп чөнтөгүмөн жыйырма сом алып чыгып
бердим.
— Сиз дагы бөбөк болгонсузбу?
— Ооба, мен дагы сендей кичинекей болчум.
— Жок, калп айтасыз!
Чуркап кетти. Кичинекей бала болгонума

кээде өзүм деле ишенбей кетем. Ушундай
эле болуп төрөлүп калган сыяктуумун.
Мен киммин? Бир балам бар, бирок ал мени
эмес башканы «ата» дейт. Машинам бар,
бирок аны айдаганга көңүлүм чаппайт.
Өзүмө жакпаган жумушум бар, бирок кетип
калганга эрким жетпейт. Дос дейсиңерби?
Өзүм кыйратып бирөөгө дос боло албасам,
мени ким кошмок эле.
6 Ушул жашка чейин
апамдын айтканын эки кылбадым. Жакшы уул деп ойлошуңар мүмкүн. Балким, ошондой. Бирок, кээде «жок» десем туура болмок өңдүү.

Былтыр классташтар жыйырма жылдыкка
чогулушту. Телевизор көрүп отурсам
дарбаза тыкылдады. Классташ балам экен.
— Ай, даяр эмессиңби? Жүр кеттик?
— Мен барбайм.
— Эмнеге?
— Апам жооп бербей койду.
— Ээ дос канчадасың?
Каткырып колун шилтеп кетип калды.
Расмий түрдө үч жолу үйлөндүм. Эки жолу
мындай эле нике кыйдырып жашадык.
Биринчи жубайымдан бир балам бар. Кийин
балалуу болбодум.

Апам турмушума кийлигишип тынч
жашатпай койду. Аялыма күн көрсөтчү эмес. Анан күйөөдөй болуп коргой албасам, кетет да, туурабы? Баарына өзүм күнөөлүмүн.
Качан өзгөргөнүмдү билбейм, бирок мындай
жашоо кокомо жетти. «Апа, мен сизди
жакшы көрөм, сыйлайм, мени бул дүйнөгө
алып келгениңиз үчүн ыраазымын. Сиз
менин эң жакын адамымсыз. Ошентсе дагы,
сизге айта турган бир сөзүм бар. Мындан
ары жеке жашоомду өзүм тескейм.
Кеңештериңиз мен үчүн баалуу, бирок
акыркы чечимди баары бир өзүм кабыл
алам. Мен чоң кишимин.»

Азыр компьютер боюнча курска баратам.
Буйруса, жакын арада жумушумду өзгөртөм.
Апаман бөлүнүп батирге чыгып алгам. Кечээ
апам келип кетти, ага жаңы үйүм жакты,
мени менен сыймыктангандай дагы болду.
Баягы күнү бир айым менен тааныштым.
Азыр жазышып жүрөбүз, балким бир нерсе
болуп кетет.
Кыскасы, жоопкерчиликти колума алгандан
бери жашоом өзгөрө баштады. Мурда эле
ушинтсем болмок экен, бекер эле коркуп
жүрө берипмин.

Add your comment

Your email address will not be published.